Улан Маматканов менен Василь Шайхразиев кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорт тармагындагы кыргыз-татар кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Улан Маматканов белгилегендей, Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга артыкчылык берет.

Анын айтымында, 2025-2027-жылдарга Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы тараптардын өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү жол картасы болуп саналат.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташууга, билим берүү тармагындагы, ошондой эле жаштар саясаты жана спорт тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар талкууланды. Кыргыз тарап Татарстандын спорттук делегациясын эл аралык иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамилелерди мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Связанный пост