УКМКнын атынан опузалап акча талап кылган алдамчы кармалды

 УКМКнын атынан опузалап акча талап кылган алдамчы кармалды

УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча жабырлануучудан (КЭР жаранынан) 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Т.Т.К. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, КР УКМК тарабынан каралып жаткан кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган.

Белгилей кетсек, буга чейин да Т.Т.К. аталган маселени чечүү үчүн Кытай Эл Республикасынын жаранынан 18 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

2024-жылдын 10-июлунда КР жараны Т.Т.К. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2 күнгө Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул алдамчылыкка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ошондой эле, КР УКМК бардык тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мыйзамдык процессуалдык чечимдер кабыл алынып, конкреттүү иштин тергөө жүрүшүнө таасир этүү аракеттерине мыйзам чегинде максималдуу түрдө бөгөт коюларын эскертет.

Связанный пост