УКМК: Жалал-Абадда акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган “Кыргызпочтасынын” кызматкери кармалды

 УКМК: Жалал-Абадда акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган “Кыргызпочтасынын” кызматкери кармалды

Жалал-Абадда акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган “Кыргызпочтасынын” кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматта айтылгандай, “Кыргызпочтасы” ААКсынын кызматкерлери тарабынан алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталды.

 

Анда “Кыргыз почтасы” ААКнын “Таштак” байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К. Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен тил табышып, ишенип берилген 10 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алып, короткону такталды.

 

17-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен эки жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Связанный пост