УКМК психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз ташуу каналына бөгөт койду

Өлкө аймагына күчтүү таасир этүүчү психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз алып келүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Бөгөт коюу иштери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, Казакстандан Кыргызстандын аймагына күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди тиешелүү уруксат кагаздары жок алып кирүү учурунда А.М.Ш. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, төмөндөгүдөй каражаттар алынган:
- “Тропикамид” 288 таңгак;
- “Мидакс” 2160 даана;
- “Лирика” 230 таңгак.
Булардын бары адамдын ден соолугуна күчтүү таасир этүүчү психотроптук каражаттар экени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында психотроптук каражаттарды сатуу боюнча ортомчулары жана уюштуруучулары катары Кыргызстандын жарандары – А.М.Ш., Ж.У.Э., Ж.У.М. жана З.У.А. кармалып, камакка алынды.
Учурда УКМК бул иш боюнча тиешелүү бардык жагдайларды, байланыштарын жана контрабандалык схемаларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.