УКМК массалык башаламандыкка элди үндөдү деп интернет колдонуучуну кармады

 УКМК массалык башаламандыкка элди үндөдү деп интернет колдонуучуну кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) күн мурун массалык башаламандыкка элди ундөдү деп интернет колдонуучуну кармады.

 

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, КРнын 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу Б.Д.М. купуялык сырларын колдонуп келген, б.а. Facebook социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон.

 

Б.Д.М. жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост