Президенттик шайлоо: алты талапкер керектүү кол топтоду, бешөөсүнө колдоо уланууда

 Президенттик шайлоо: алты талапкер керектүү кол топтоду, бешөөсүнө колдоо уланууда

Учурда “Түндүк” тиркемеси аркылуу жарандардын талапкерлерге электрондук кол топтоо уланууда.

Ушул сааттарга карата 11 талапкердин алтоосу тийиштүү кол топтогондуктан, каттоо аяктады. Калган беш талапкерге колдоо көрсөтүлүп жатат. Алардын эң алды 26 миң 533 кол топтоого жетишсе, акыркы саптагы талапкер 12 миң 17 кол топтоду.

Талапкер колдоо сайтындагы маалыматка ылайык, жалпы жонунан 11 талапкер 329 миң 222 колдоого ээ болду.

Белгилей кетсек, мыйзамдарга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасын чогултуу талап кылынат.

БШКнын маалыматы боюнча, кол топтоо 8-декабрда аяктайт (7-декабрда саат 24:00дө).

Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Связанный пост