Жыл башынан бери Маданият министрлигине 7 млрд сом бөлүндү

 Жыл башынан бери Маданият министрлигине 7 млрд сом бөлүндү

2023-жылды башынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 7 млрд 5 млн 414 миң 300 сом бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Алтынбек Максутов билдирди.

 

Анын айтымында, 2023-жылдын ичинде бюджеттин аткарылышы боюнча бекитилген бюджет 6 млрд 310 млн 420 миң сомду түзгөн.

 

“Быйылкы жыл биздин министрлик үчүн жемиштүү болду. Мамлекет 30 жылдан бери чечилбей келген маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүүдө. Маданият кызматкерлеринин айлыгы 70%дан 100%га көтөрүлдү. Президенттин колдоосу менен маданият мекемелеринин жана чыгармачыл союздардын ишиндеги кемчиликтерди жоюуга 673 млн сом бөлүндү. Ошондой эле министрликке караштуу мекемелерине жана райондук маданият үйлөрүнө 200 млн сомго музыкалык аспаптарды сатып алуудабыз. Аймактардагы маданият үйлөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө”, – деди ал.

 

Мындан тышкары, ал бул каражаттын эсебинен музыкалык жогорку окуу жайлардын жана спорттук мекемелердин муктаждыктарын жоюга дагы керектүү каражат бөлүнүп, максаттуу пайдаланылып жатканын кошумчалады.

Связанный пост