УКМК: $20 миң пара талап кылган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

 УКМК: $20 миң пара талап кылган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыштардын белгилери менен катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы менен атайын салык режимдери боюнча башкармалыгынын инспектору кармалды.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуу жолу аркылуу 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
2024-жылдын 19-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору пара менен кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост