Жума намаз учурунда мечиттердин айланасында ЖКККББгы жол коопсуздугун камсыздап беришти

 Жума намаз учурунда мечиттердин айланасында ЖКККББгы жол коопсуздугун камсыздап беришти
Жума намаз учурунда мечиттердин айланасында ЖКККББгы жол коопсуздугун камсыздап беришти. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ыйык рамазан айынынын жума күндөрү жума жана таравих намазы учурларында  жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салышууда.
“Максатыбыз орозо учурунда жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп, иш-чарага элдик кошуундар жана ыктыярчыларды (волонтерлор)  да чакырганбыз.
Бул бир айлык иш-чара ыйык Рамазан айы бүткөнгө чейин, ЖКККББ тарабынан өлкө аймагындагы баардык жол тыгындары көп кездешкен мечиттердин айланасында улантылат.
Урматтуу жарандар, жума намазга жана кечкисин таравих намазга барган учурда унааңыздарды туура жерлерге токтотууну, башка жол кыймылынын катышуучуларына жана мечиттердин айланасында жашаган тургундарга да ыңгайсыз абалдарды жаратпооңуздарды өтүнөбүз”, – деп белгиледи басма сөз кызматы кызматы.

Связанный пост