Учурда өлкө боюнча дээрлик 62 миң ипотекалык батир курулууда

 Учурда өлкө боюнча дээрлик 62 миң ипотекалык батир курулууда

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ушул тапта өлкөнүн ар кайсы аймактарында 62 миңден ашуун батир курулууда. Бул курулуштар 2030-жылга чейин аякталып, үй-бүлөлөргө ипотекалык негизде берилет.

Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 17 миң 415 батир;
  • Чүй облусунда – 17 миң 610;
  • Ысык-Көл облусунда – 5 миң 115;
  • Нарын облусунда – 433;
  • Талас облусунда – 319;
  • Ош облусунда – 5 миң 899;
  • Баткен облусунда – 4 миң 272.

Бул турак жайлардын жалпы аянты 4 млн чарчы метрден ашуун жана алардын болжолдуу сметалык наркы — 230 миллиард сомду түзөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында батирлерди үч багытта “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыз менен берип жатат:

“Жеңилдетилген ипотека”

– баштапкы төлөмү жок;

– 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;

– бюджеттик мекемеде иштеген жарандар үчүн;

“Социалдык ипотека”

– баштапкы төлөмү жок;

– 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;

– көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде иштеген жаш адистерге жана жалгыз бой энелерге.

“Арзан ипотека”

– баштапкы төлөмү жок;

– 25 жылга чейин, жылдык 8% менен;

– жеке чөйрөдө иштеген жарандар үчүн.

“Үлүштүк курулуш”

– мында 50% баштапкы төлөм талап кылынат;

– 8% менен 15 жылга чейин берилет;

– бардык жарандарга жана мигранттарга жеткиликтүү.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаевдин айтымында, азыр компания куруп жаткан үйлөр мамлекеттен бөлгөн каражаттан тышкары үлүштүк негизде батир алган жарандардан түшкөн каражатка салынууда. Мындан улам салынган батирлердин жарымы үлүштүк негизде үй алгандарга берилет. Калганы кезекте тургандардын арасында бөлүштүрүлөт.

“Былтыр декабрдан баштап үстүбүздөгү жылдын апрелине чейин 2 миң 138 батир үй ээлерине тапшырылды. Анын жарымы үлүштүк негизде, жарымы кезекте тургандарга берилди. Кезекте тургандардын арасында мамлекеттик программа боюнча үй курууга жер бөлүп берген мекемелердин кызматкерлери да бар. Бул программанын өзүндө да каралган, жашыруун маалымат эмес. Аларга калган батирлердин 10-20%ы берилет. Калган батирлер социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека багыттары боюнча үй ала тургандарга тапшырылат. Бул үч багыт боюнча кезекте тургандарга батирлердин канча пайызы берилери жалпы тизмедеги сандык катышына жараша берилет.

Азыр жалпы 50 миң киши кезекте турат. Алардын 65%ы – жеңилдетилген ипотека боюнча үй ала тургандар. Мисалы, 2 миң батир тапшырылса, анын 65%ы жеңилдетилген ипотека программасы боюнча кезекте тургандарга берилет. Дагы 25%ы арзан ипотека жана калганы социалдык ипотека боюнча ала тургандарга берилет. Буга чейин кезек жылбай жатты. Жакынкы күндөрү ипотека аркылуу үй алууда кезекте тургандар массалык түрдө алдыга жылышат “, – деди ал.

Жээнбаев кошумчалагандай, компаниянын уставдык капиталы эки жол менен өскөн.

“Биринчи кезекте албетте, мамлекеттин курулушка бөлүп берген каражаты. Экинчиси 2015-2020-жылдардагы компанияга бөлүнүп берилген каражат. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 80 млрд сомдон ашты. Бул финансылык туруктуулукту жана мамлекеттик турак жай программаларын натыйжалуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт. Кыргызстанда ипотекалык турак жай курулушу мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бирине айланды. 50 миңге жакын үй-бүлөнүн батирлүү болуу үмүтү — бул жөн гана куру цифра эмес, реалдуу социалдык өнүгүүнүн белгиси. Мындай масштабдуу долбоорлор өлкөнүн келечегине ишенимди арттырып, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт”,-деп белгиледи ал.

Связанный пост