Учурда өлкө аймагында жалпы 362 соцобъект курулууда

 Учурда өлкө аймагында жалпы 362 соцобъект курулууда

Учурда өлкө аймагында жалпы 362 социалдык объект курулууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган объекттердин курулуш иштерине быйыл мамлекеттик бюджеттен 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн .

“Бул абдан жакшы көрсөткүч. Аймактарга бөлүп карай турган болсок: Чүй облусунда – 33, Баткен облусунда -27, Жалал-Абад облусунда – 99, Ысык-Көл облусунда – 43, Нарын облусунда – 35, Ош облусунда – 103, Талас облусунда – 22 соцобъект куруулуда.

Алардын ичинен:

  • мектеп- 178;
  • бала бакча- 98;
  • саламаттык сактоо мекемелери – 21;
  • маданий мекемелер – 12;
  • спорттук мекемелер – 35;
  • жана башка ар түрдүү соцобъекттердин саны – 18. Жыл соңуна чейин биз 200 соцобъекттин курулушун бүтүрөбүз”, – деди ал.

Ал белгилегендей, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги куруудан сырткары, айрым соцобъекттерди капиталдык оңдоп–түзөөдөн да өткөрүп жатат.

“Быйыл имараттарды капиталдык оңдоп–түзөөгө дагы жакшы каражат бөлүнгөн.

Алсак:

  • Чүй облусунда- 29;
  • Баткен облусунда – 17;
  • Жалал-Абад облусунда – 40;
  • Ысык – Көл облусунда – 11;
  • Нарын облусунда – 29;
  • Ош облусунда – 33;
  • Талас облусунда – 23 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө”, – деди ал.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост