Тилекмат Кудайберген уулу Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Тактап айтканда, Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары […]Читать далее
“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын Душанбеден чыккан каттамы “Манас” эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Учакты салт боюнча суу аркасы менен тосуп алышты. Эске салсак, кечээ Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекте Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча авиакаттамдар 14-марттан тарта жанданарын билдирген. Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар эки өлкө ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту. […]Читать далее
Бокс боюнча жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди. Беттеш 22-февралдан 23-февралга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Kingdom Arena стадионунда өттү. Дмитрий Бивол 12 раунга созулган беттеште калыстардын упайынын негизинде Артур Бетербиевди реваншта (114-114, 116-112, 115-113) жеңип, жарым оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону титулун багындырды. Мушкерлердин былтыркы жылдагы беттешинде упайлардын […]Читать далее
“Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда кетип баратабыз. Байкалбаганы менен башыбыздан тарыхый окуяларды өткөрүүдөбүз”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына. Ал белгилегендей, буга чейин жеке инсандыкты тастыктай турган жарандык паспорттон тарта маанилүү документтердин баары чет өлкөлөрдөн, болгондо да, ар кайсы документ ар кайсы өлкөлөрдөн басылып чыгып келген. Бул мамлекетке каржылык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу М.Тешебаев атындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты. “Бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап биздин балдар, биздин кыздар жаңы окуу жайына кирип жатышат”-деген Акылбек Жапаров, республика […]Читать далее
Фейсбук социалдык тармагындагы Bishkek Life тайпасында аты-жөнү белгисиз жаран (Аккаунту Man Bish) тарабынан “Кайран эмгек” аттуу тема менен пияздын кең талаага ыргытылып жатышы боюнча видео тасмага байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги төмөндөгүнү билдирет: Аталган видео тасма коомчулукта кеңири талкууга алынганы менен ал тасма чындыкка дал келбейт жана Кыргызстандын аймагынан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров уран темасына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Өлкө башчысы чет элдик блогер-эксперт маалыматтык манипуляция жасап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып жаткандыгын билдирди. “Биз, баарыбыз өлкөбүздүн ички иштерине башкалардын аралашуусуна жол бербейли”, – деп белгиледи президент кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда.Читать далее
Кумтөр Голд Компани» экологиялык жана туруктуу өнүгүү маселелерине ар дайым эң чоң артыкчылык менен көңүл бөлүп келет. Буга байланыштуу өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен компания Токмок шаарында (Чүй облусу) оор жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн, анын ичинде авиациялык жана башка типтеги жүк көтөрүмдүүлүгү 180 тоннага чейин автомашиналардын шиналардын оңдоого багытталган заманбап кайра иштетүүчү заводду куруу долбоорун […]Читать далее
Кыргызстандын Жыргалаң жайлоосунан мамонттун сөөгүнүн калдыгы табылды. Эс алууну илимий изилдөөлөр менен айкалыштырып жүргөн мектеп окуучуларынын бул табылгасы чет элдик окумуштууларды да кызыктырып жатат.Читать далее
Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 299%га көбөйдү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмалары жана жеке көзөмөлүнүн натыйжасында – ар бир тармакта өсүү темпи сезилип, кирешелер мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүп жатат. Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө жетти. 2023- жылдын январь-май айларында 22 миллион 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 миллион […]Читать далее