Астана шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу болуп өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өттү. Жолугушууда эки мамлекеттин Президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында кол […]Читать далее
12-ноябрда Бишкекте караоке-бардын атын жамынып, интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукана жабылды. УКМКдан билдиришкендей, анда чет элдиктерге гана кызмат көрсөтүлгөн. Сойкукана “Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында аныкталган. Көңүл ачуучу жайдын ээси Ж.И. аттуу чет элдик жаран мыйзамсыз көңүл ачууну жеке өзү уюштурган. Ал бардын кардарлары үчүн социалдык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Иш-чаранын башында конокторго балдарга арналган борбордун эскиздик долбоору көрсөтүлгөн видеоролик тартууланды. Ал 6,5 га аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты – ар бир балага […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барды. Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди. Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев […]Читать далее
Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» өнөктөштүк мамилелерди түзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыңкы тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу коммуникациялык платформа болуп саналарын белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жана дүйнөлүк […]Читать далее
“Элдик Банк” ААК Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга киришти. Бүгүн “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору Чжэн Ву бул Долбоордук макулдашууга кол коюшту. Долбоордун алкагында Элдик Банкка 13 миллион АКШ […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Араван районунун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга катышып, жаңы өндүрүштүк ишканалардын пайдубалына капсула салуу аземинде сөз сүйлөдү. Данияр Амангелдиев өз сөзүндө мааракенин тарыхый маанисин белгилеп, аравандыктардын эмгекчилдигин, биримдигин жана бай маданий мурасын баса белгиледи. «Араван жеринин башкы байлыгы – анын тургундарынын эмгеги жана биримдиги. Бүгүн бул жерде […]Читать далее
Баткенде 28 млн сомдук малды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрында Баткен районунун Кара-Бак айылынын аймагында Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаада 35 баш бодо мал бар экени жана аларды чек […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эки үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Ушул жылдын август айында Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айылдагы эң муктаж эки үй-бүлөгө өз каражатынан турак жай салып берүүнү убада кылган. Айыл эли бул демилгени колдоого […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту транзит убактысын 12 саатка кыскартат, – деди транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин жыйынында. Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, мультимодалдык коридорлорду түзүү жана аймак аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Министр өз сөзүндө кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү […]Читать далее