Galleries

Аймак

Токтогулда жаңы заманбап стадион ачылды

Кечээ, 14-сентябрда Токтогул шаарында толугу менен жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадион салтанаттуу түрдө ачылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы аренадагы алгачкы оюн – «Токтогул» менен «Базар-Коргон» командаларынын беттеши менен уланды. Ташиев бул стадион жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Асел Чынбаева БА өлкөлөрүнүн балдар омбудсмендеринин I эл аралык форумуна

11–12-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында «Борбор Азия өлкөлөрүндө балдардын укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүүнүн актуалдуу маселелери: Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аймактык өз ара аракеттенүүсү» деген темада I эл аралык форум болуп өттү. Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Европанын бир катар мамлекеттеринин – Финляндия, Хорватия жана Норвегиянын балдар […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб башчысы Токмок шаарындагы балык чарбасына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси  Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токмок шаарында жайгашкан балык чарбасына барды. Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев балык өстүрүү технологиялары, өндүрүш процесси жана балык өстүрүү секторун өнүктүрүү келечеги менен таанышты. Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев балык уулоо тармагын өнүктүрүү өлкөнүн экспорттук потенциалын […]Читать далее

Аймак

Баткенде күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды

Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, облустук штаб жер-жерлерде кышка камылга белгиленген планга ылайык жүргүзүүдө. Учурда штабдын мүчөлөрү район-шаар, айыл аймактарда, социалдык жана административдик объекттердин от казандарынын жана жылытуу системаларынын даярдыгын, көмүр камдоо иштерин жеринде көрүүдө. Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында, Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда […]Читать далее

Президент

Президент Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Алымбек Датканын өмүр баянынын негизги баскычтарын ачып берген даректүү тасма, ошондой эле ал жашаган доордун атмосферасын жана анын өмүрүндөгү эң маанилүү эпизоддорду көркөм формада чагылдырган театралдаштырылган […]Читать далее

Президент

Президент Гүлчөдө Алымбек Датканын эстелигине гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты. Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана кыргыз элин бириктирүүгө зор салым кошкон атактуу тарыхый инсан Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата өттү. Мамлекет башчысын Гүлчө айылында […]Читать далее

Коом

Бишкекте 45 мектеп жана 41 бала бакча жаңыланууда

Быйыл Бишкек шаарынын мэриясы 89 билим берүү объектисин, анын ичинде 45 мектеп, 41 бала бакча жана 3 балдардын чыгармачылык борборун оңдоону пландаштырууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө негизги иштер аткарылып бүттү. Оңдоо иштери уланып жаткан жерлерде окуу процессине тоскоол болбогондой уюштурулган. Оңдоо иштери төмөнкү мекемелерде жүрүп жатат: Бала бакчалар: №4, №48, №52, №56, №61, №106, №107, №117, […]Читать далее

Коом

Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өттү

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн туруктуулугу жана коопсуздугу жалпы коркунучтарды өз убагында аныктоо, терең талдоо жана биргелешип нейтралдаштыруу жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Аймактагы учурдагы чакырыктар ар түрдүү, бирок алардын баары окшош мүнөзгө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда терроризмге жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөш күчөтүлүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 15-жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында күн тартибине киргизилген бир катар маанилүү маселелер каралды, анын ичинде 2022-2024-жылдар аралыгындагы Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоо жөнүндө отчетту жактыруу. Министрлер […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жыйынына катышкан делегациялардын башчыларын кабыл алды. Жыйынга Коопсуздук кеңешинин катчылары: Кыргызстан – Бактыбек Бекболотов, Азербайжан – Рамиль Усубов, Казакстан – Гизат Нурдаулетов, Түркия – Окай Мемиш, Өзбекстандан – Виктор Махмудов, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты. […]Читать далее