Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджети боюнча шайкештик аудит жүргүзүп, 5 млрд 658,9 млн сомдук мыйзам бузуулар менен финансылык кемчиликтерди тапты. Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдагы шаар бюджети 3 млрд 224,2 млн сом деп такталган. Бирок кирешелер планы 92,7% гана аткарылып, 235,6 млн сом кем түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр төмөн болгон. […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 2-октябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү. 2026-жылы Бишкек шаарында ШКУ саммитин, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин натыйжалуу координациялоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында президент Садыр Жапаров жогорку […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов япониялык «Nagoya Railroad Co., Ltd» (Meitetsu Group) компаниясынын башкы директору Такаси Андо менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын транспорттук-логистикалык чөйрөдө кеңейтүү, кадрларды даярдоо, ошондой эле туристтик жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Эдил Байсалов Кыргызстан Япония менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун […]Читать далее
Бишкекте “Бош орундар жана карьера жарманкеси” өтүп, 5 миңден ашуун жумуш орундары сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жарманке Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, министрлик жумуш издеп […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Төрөбаев окуу жайга агроөнөр жай комплекси үчүн адистерди жана кадрларды даярдоо боюнча университеттин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу максатында барды. Сапардын жүрүшүндө министр заманбап лабораториялар менен жабдылган инженердик […]Читать далее
Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ “Мурас” көмөк чордонунун ачты. Ведомстводон билдиришкендей, “Мурас” көмөк чордону шаардын түштүк-батыш аймагындагы турак массивдерди, социалдык объекттерди жана инфраструктураны туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Ошондой эле учурдагы “Ново-Южная”, “Арча-Бешик” жана “Пиковая Котельная” көмөк чордондордогу жүктү жеңилдетет. Көмөк чордонду куруунун бирден-бир максаты […]Читать далее
Коргоо министрлигиндеги контракттык кызматка кабыл алуудагы коррупциялык схема аныкталды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрдүн биринин командири Б.М.С. менен ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери М.А.Ж. алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан 70 миңден 90 миң сомго чейин акча каражатын системалуу түрдө алып турушкан. Бул факт боюнча 2025-жылдын 23-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (“Кызматтык абалынан […]Читать далее
“Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси кайра мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылында мурда “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо комплексине таандык болгон мамлекеттик имараттарды жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкелеринин 4,82 гектары “Кыргыз лифт” ишканасынын карамагында экендиги ачыкталган. Ага ылайык, аталган ишкана өз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө өндүрүлгөн Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 50 жаңы автоунааны Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына тапшырды. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө, өткөн жылы ишке кирген «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган ата мекендик автоунааларды тапшыруу экономиканын жалпы өнүгүүсүнүн жана өсүшүнүн далили экенин баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир катар мисалдарын келтирип, 2025-жылдын сегиз […]Читать далее
Бүгүн Каракол шаарында 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, батирлердин ачкычын коргоо министри Руслан Мукамбетов тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Каракол шаарынын мэри Орозбаев Нуртилек, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты. Иш-чаранын соңунда коргоо министри батирлер менен таанышып, аскер кызматчылардын үйүнөн даам сызды. Бул турак жайларды аскер […]Читать далее