Баткенде Кызыл-Кыя шаарындагы “Дан” ун чыгаруучу ишканасы аймакты жогорку сапаттагы ун менен камсыздоодо. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн президенттин өкүлү Айбек Шаменов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Ишкана бир жыл мурун заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жеке ишкер 50 млн сомго жаңы завод куруп, күнүнө 40 тонна ун өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Заводдун иши […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин жамаатын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн юбилейи менен куттуктады. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өлкөнүн эң эски […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Улут сарайына келди. Мамлекет башчысын Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды. Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери тар курамдагы жыйын өтө турган залга бет алышты.Читать далее
Токтогул районунун Торкен айылында дыйкан Шыкмамат Мананов 2 гектар жерге буудайдын корнетто сортун өстүрүп, жогорку түшүмдүүлүккө жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дыйкан жогорку түшүм алуу максатында 2-репродукциядагы сертификатталган үрөндү тандап алган. Жылдын башында топуракка анализ жүргүзүлүп, Ош облусунун адистештирилген токсикологиялык лабораториясы тарабынан берилген протокол […]Читать далее
Бүгүн УКМКнын Чек ара кызматынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, Чек ара кызматынын өздүк курамы жана ардагерлери катышты. Капсула коюу аземи жаңы комплекстин курулуш иштеринин башаты болуп, ал Чек ара кызматынын инфраструктурасын жакшыртууда жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө маанилүү объект болмокчу. […]Читать далее
Душанбе шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, анда делегация башчылары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, КМШнын алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча КМШга мүчө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарындагы Өкмөттүк резиденцияда өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин бейформал кечки тамагына катышты. Мунун алдында лидерлер резиденциянын аймагында кыска убакыт сейилдешти. Андан соң Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун атынан жогорку даражалуу коноктордун урматына кабыл алуу аземи уюштурулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында “Борбор Азия – Россия” Экинчи саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи. Бул формат ар тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн практикалык курал болуп саналат. Учурдагы эл аралык кырдаалга токтолгон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстан Республикасынын Кабыл алуулар сарайында “Борбор Азия – Россия” экинчи саммитине катышууда. Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан соң Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын лидерлеринин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду, андан кийин мамлекет башчылар Саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында Президент Эмомали Рахмон менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алдында Өкмөттүк резиденцияда саламдашуу аземи жана биргеликте сүрөткө түшүү болуп өттү, андан соң мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр залына жөнөштү. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы […]Читать далее