Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Нурдан Орунтаев Кытай менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани баштаган Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу 14-октябрда Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектри талкууланып, негизги көңүл “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорун ишке ашырууга багытталды. Энергетика министри Дүйнөлүк банктын […]Читать далее
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Аджит Довал менен жолугушту. Өз ара кызыкчылыкты туудурган мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, анын ичинде коопсуздук жаатындагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле аймактык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка […]Читать далее
Бишкек шаарынын, Учкун конушунда жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган, бирок заманбап ыкмалардын аркасында 280 балага жөндөмдүү. Бала бакчада 12 тайпа бар: кенже, орто жана даярдоо. Имараттын жалпы аянты 1908 м², ал эми жер аянты 0,83 га. Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Мекемеде […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 22-31-октябрында Бахрейн Королдугунун борбору Манама шаарында өтө турган III Азия жаштар оюндарына (Asian Youth Games – Manama 2025) катышууга Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргызстандын жаштар курама командасын жөнөтүү аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, команданын капитаны Улан Майрамбековго жана спортчу Доминика Чернецкаяга Кыргыз […]Читать далее
Жыл башынан бери инвестициянын жалпы көлөмү 334,4 миллион долларды түзгөн 77 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 6 миңден ашуун жаңы жумуш оруну түзүлдү. Базальт ишканасынын курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ жана Кыргызстанды индустриялаштыруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жаңы этабынын башаты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Н.Т. кармалды. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземине катышты. МинКаб Төрагасы өз сөзүндө өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууда инфекциялык кызматтардын өзгөчө ролун белгиледи. “Инфекциялык оорукана эпидемиологиялык коопсуздуктун негизги коргогучтарынын бири жана оорулардын жайылышын алдын алуудагы негизги линия болуп […]Читать далее
Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Күн мурун президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курулуп бүткөн жаңы мектеп жеринен таанышып чыкты. Эки кабаттуу заманбап мектеп 275 орунга ылайыкталып, бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Мектепте спорт зал да каралган. Билим уясы […]Читать далее
500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордону кышка 95 пайыз даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган көмөк чордон өлкөдөгү эң ири 4 көмөкичордондун бири болуп саналат. Июнь айында Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан көмөк чордондогу 1-автотрансформатор кезектеги оңдоодон өткөрүлсө, октябрь айында 2-автотрансформатор 500 кВ реакторду бөлүкчөлөрү менен оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары, 220 кВ тарабынан […]Читать далее