Galleries

Коом

Бишкекте жаңы насостук станция ачылды

Бишкек шаарында жаңы №3 насостук станция ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, станция негизги жылуулук тармактарынын абалын жакшыртуу, борбор калаанын борбордук жана батыш бөлүктөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулган. Станциянын ачылышына катышкан калаа башчысы Айбек Жунушалиев жаңы станция Бишкектин жылытуу системасын жакшыртууга багытталган маанилүү долбоор экенин белгиледи. “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык […]Читать далее

Укук тартиби

10 айда дээрлик 1 млн жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 10 айда аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Башкармалыктан билдиришкендей, ыкчам кеңешмеге башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев, борбордук аппараттын кызматкерлери жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери онлайн форматта катышты. Жыйында 2025-жылдын башынан бери ЖКККББ тарабынан жалпысынан 996 миң 753 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, 139 миң 557 автоунаа убактылуу айып короо […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен

Кытайдын тышкы иштер министри, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келди. ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт. Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар […]Читать далее

Аймак

Баткенде чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Кадамжай районунда “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. ГЭСтин 1-агрегаты толук кандуу ишке кирди. Анын кубаттуулугу саатына 200 кВт, ал эми жалпы кубаттуулугу 600 кВтты түзөт. Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн сом насыя берилген. ГЭСтин […]Читать далее

Экономика

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде мыйзам бузуу аныкталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыды. Аудиттин жүрүшүндө ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген иш-аракеттердин жалпы суммасы 948,4 млн сомду түзгөнү аныкталды. Анын ичинен 32,2 млн сом каражат мыйзам бузуулары […]Читать далее

Коом

Бишкекте соцбазаларга багытталган көмүр коммерциялык негизде сатылган

Бишкекте социалдык отун базаларына багытталган арзан көмүрдү коммерциялык пункттарда кымбат баада сатуу боюнча схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бир катар жеке менчик жүк ташуучу унаалардын айдоочулары социалдык базаларга көмүр жеткирүү шылтоосу менен “Кыргызкөмүр” ААК менен келишим түзгөн жеке ишкерлерге ишенимге кирип, Кара-Кечеден көмүрдү биринчи кезекте жүктөп алышкан. Бирок көмүр баштапкы багытка жетпей, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форум өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Борбордук Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышты. Иш-чарага Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда да катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы экономиканын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9 %дан жогору болуп жатканын белгиледи. 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10,0 %ды […]Читать далее

Министрлер кабинети

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Россиянын Президенти Владимир Путин менен

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламдашуусу менен башталды. «Баарыбыздын бир жалпы максатыбыз бар – Евразия континентиндеги жана жалпы эле дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикмелердин бири катары ШКУнун кадыр-баркын жана таасирин жогорулатуу. […]Читать далее

Министрлер кабинети

ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Тизме: 1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) жыйырма төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике. 2. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздоосу, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүсү 3,5 эсеге

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин (ӨБК ШКУ) кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы сөз сүйлөп, анда Уюмдун өнүгүүсүнүн маанилүү аспектилерин баяндады. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурду. Ал кыргыз […]Читать далее