Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда. Облустук өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, учурда арканын айланасындагы аймакта ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Он жылдар бою жаңыртылбаган облустун кире беришиндеги арка толук реконструкциядан өтүп, эски контейнерлер жана убактылуу курулуштар алынууда. Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди. Жаңы инфраструктуранын алкагында кофейня, эне жана бала үчүн бөлмө, жылытуу пункту, дааратканалар жана жашыл эс алуу аймагы […]Читать далее
“Кыргызстан билими жетик, илими терең, ошону менен улуттук нарк-насилди урматтаган, дүйнөлүк ой жүгүртүүгө ээ жаштарга муктаж”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине Президенттик стипендия тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысынын сөзү: “Келечектен көптү үмүттөндүргөн ардактуу жаштар! Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары! Биз бүгүн Кыргызстандын келечегинин кепилдиги болгон үлгүлүү жаштардын ийгилигин […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча иш сапары менен Түркиянын Кахраманмараш шаарына барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири, өзүнүн бай кол өнөрчүлүк салттары, заманбап технологиялары жана зер буюмдарын өндүргөн өнөр жай аянтчалары менен белгилүү Кахраманмараш шаарынын зергерчилик […]Читать далее
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин (ЧАКК) 91-отуруму өттү. Чек ара кызматынан маалымдашкандай, иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин сегиз чек ара ведомствосунун (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан), ЧАКК Координациялоо кызматынын делегациялары, КМШнын өз ара кызматташкан органдарынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын, ШКУнун Аткаруу комитетинин Аймактык антитеррордук түзүмүнүн, Чек ара […]Читать далее
9 айда республика боюнча мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда республика боюнча ветеринардык кызматтар тарабынан мал-жандыктардын ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоого даярдык көрүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан тесттик аралыктан добуш берүү процессинин жүрүшү менен таанышты. Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо участогунда Мамлекет башчысы тесттик добуш берүүгө катышты. Паспортунун жардамы менен онлайн идентификациядан өткөндөн кийин система анын шайлоо округун жана участогун аныктап, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Достук” орденин тапшыруу аземи болуп өттү. Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Россиянын делегациясынын башчысы катары расмий сапар менен Бишкекке келген Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты. Эдил Байсалов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык менен […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоорун талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев форумдун максаты – Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндөгү маселелерди эмес, эртеңки мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо. Ал өлкөнү 2026-жылга […]Читать далее
Ош шаарында 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону пландалган мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышты. Көмөк чордонду куруу иштери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан ишке ашырылып, […]Читать далее