Galleries

Коом

Кыргызстандан Сирияга 150 тоннадан ашык гумжардам жеткирилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандан Сириянын элине жалпысынан 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, гумжардам жеткирүү Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдарынын жардамы менен уюштурулду. Гуржардамдын курамында азык-түлүк товарлары, атап айтканда ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы жана башкалар бар. “Бул гуманитардык акция мамлекет башчысынын жана Кыргызстандын […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте таштанды өрттөгөндөргө 2,3 млн сомдон ашык айып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы суук түшүшү менен абаны коргоо жана жылытуу мезгилинде экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы жумада колдонулган унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталды. Мындай аракеттер уулуу заттардын абага бөлүнүшүнө жана абанын булганышына алып келет. Бул өз кезегинде шаар тургундарынын ден […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы “Эндрюс” авиациялык базасына конду. Президент Садыр Жапаровду АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилип, анын жоокерлери эки […]Читать далее

Коом

Бишкекте IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдыктар талкууланды

 Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгы алдында Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Катышуучулар IV Элдик курултайга даярдык көрүүгө тиешелүү негизги маселелерди, ошондой эле аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган чаралардын комплексин талкуулашты. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жыйынды ачып, алдыдагы курултай коом менен мамлекеттик институттардын ортосундагы ачык жана […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК Бишкекте объектини пайдаланууга берүүдө опузалоо фактысын аныктады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтериндеги коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Курулуш министрлигинин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгында (мындан ары – Бишкек шаары боюнча МАККБ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Өрт көзөмөлү кызматы башкармалыгында (Бишкек шаары жана Чүй […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Гиза пирамидаларына жана Чоң Египет музейине барды

Президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын маданий программасынын алкагында Гиза аймагындагы атактуу пирамидалар комплексин жана Чоң Египет музейин көрүп келди. Мамлекет башчысына Египеттин эң байыркы цивилизациясынын жана маданий мурасынын символу болгон пирамидалардын тарыхы тууралуу айтып беришти. Андан соң президент Египеттин президенти тарабынан 2025-жылдын 1-ноябрында салтанаттуу түрдө ачылган Чоң Египет музейине барды. Музей […]Читать далее

Президент

Каирде кыргыз-мисир бизнес-форуму өттү

Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Мисир Араб Республикасынын Премьер-министри Мустафа Мадбулинин жана Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Каир шаарында биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлдү. Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Президент Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 5-ноябрында «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, анда өлкөнүн жетишкендиктерин, өнүгүү приоритеттерин жана тышкы экономикалык келечегин кеңири чагылдырды. МинКаб башчысы өкмөт туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасап жатканын белгиледи. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасын белгиледи: акыркы үч жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 9,0%ды […]Читать далее

Ден соолук

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 35 млн сомдук меджабдуулар

Бүгүн, 5-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. УКМКдан маалымдашкандай, анда борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УДИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдуулар берилди. Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин стабилдештирүү фондунан 35 млн 100 миң сом бөлүнгөн. […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Египет Араб Республикасына расмий сапарынын алкагында орун алды. Тараптар Кыргызстандын президентинин бул сапары эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болорун белгилешти. Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар […]Читать далее