Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду көргөзмөлөрдү уюштурууга 17 млн сомдон ашуун короткон
Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомундагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Жыйында алгач сөз сүйлөгөн депутат Эмил Жамгырчиев туризм тармагы боюнча Туризм департаменти менен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду гана иш алып барарын белгилеп, бирок эки мекеменин бирдиктүү стратегиясы жок экенин кошумчалады.
“Маселен былтыр туристтерди тартуу боюнча Перс булуңундагы өлкөлөр менен келишим бар болчу. Ошол келишимдин негизинде көптөгөн туристтер келген. Бирок быйыл ошол келишимдин мөөнөтүн узартууну унутуп салышкан. Андыктан мындай шалаакылыкка барган жетекчилерге чара көрүү керек” ,– деди.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева туризм багытында 22-апрелде УКМК тарабынан коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кеңсесинде жана жетекчисинин үйүндө тинтүүлөр жүргөнүн белгиледи.
Аталган маселелер боюнча сөз кылган УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кеңсесинде жана жетекчисинин үйүндө жасалган тинтүүнүн негизинде бир катар финансылык документтер жана Елена Калашниковага таандык бир нече паспорттор табылганын маалымдады.
Өз кезегинде Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Елена Калашникова өзү жетектеген мекеменин уставдык капиталы 1 млрд сом экенин айтып, коротулган каражаттар тууралуу сөз кылды.
Талкуу маалында депутат Шайлообек Атазов жайкы туристтик сезон башталар маалында ушундай жагдайдын жаралганы туура эмес экенин айтып, абалды тез арада чечүүгө чакырды.
Депутат Эмиль Токтошевдин каралган 1 млрд сомдун канчасы коротулганы боюнча суроосуна жооп берген Елена Калашникова азыркыга чейин 257 млн сом сарпталганын билдирди.
Депутат Кундузбек Сулайманов фонддун кызматкерлеринин айлыгы канча экенине кызыкты. “Кызматкерлердин айлыгы 60-70 миң сомдун тегерегинде” – деди фонддун жетекчиси.
Ал эми депутат Динара Ашимова канча инвестициялык долбоор ишке ашырылып жактанын тактады. Алсак, Елена Калашникованын айтымында азыркы тапта фонд аркылуу 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.
Ошондой эле депутат Эмиль Жамгырчиев көргөзмөлөрдү уюштурууга, иш сапарларга жана консультанттарды жалдоого канча каражат кеткени боюнча суроо узатты.
17 млн сомдон ашуун каражат көргөзмөлөрдү уюштурууга кеткенин айткан Елена Калашникова иш сапарларга коротулган чыгымдар боюнча так маалымат бербестен, болжолдуу 1 млн сомдон ашуун каражат сарпталганын гана кошумчалады.
Башынан фонддун ачылышына каршы болгонун билдирген депутат Камила Талиева азыртан эле ишмердүүлүгү боюнча көйгөйлөр чыга баштаганын жүйө келтирди.