Туристтик аймактарга жетүү жеңилдеди
Транспорт жана коммуникация министрлиги өлкөдөгү популярдуу туристтик аймактарга алып баруучу жолдордун абалын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди.
Министрлик бул чаралар туристтик жайларга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү жана чет элдик туристтердин агымын стимулдаштырууга багытталганын белгиледи.
Каркыра-Турук-Сары-Жаз каттамы боюнча Чар-Кудук жайлоосуна, Каракол лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токойлоруна, Сары-Челек көлүнө жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга алып баруучу жолдор оңдолду.
Учурда Арашан, Чуңкурчак, Жыргалаң, Ала-Тоо курортунун лыжа базасына жана Кырчын бийик тоолуу жайытына алып баруучу жолдордо оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Министрлик туристтик аймактарда жол инфраструктурасын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи, анткени ал саякаттоонун жеңилдигин камсыз кылбастан, жалпысынан аймактык экономиканын жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошот.