Туманбаев: “Учкун” мамлекеттик маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырууда
«Учкун» ААК бүгүн өз күчү менен мамлекеттик номерлерди чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Бүгүн «Учкун» ачык акционердик коомунун жаңы өндүрүшү менен таанышып чыктым. Эми өлкөбүздө автоунаалар үчүн мамлекеттик номер белгилери биринчи жолу өзүбүздө чыгарылууда. Бул чоң жетишкендик.
Эсиңиздерде болсо, бир нече жыл мурун «Учкун» дээрлик банкрот абалына жеткен. Бирок, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишкана сакталып, мамлекеттик колдоонун аркасында түп тамырынан өзгөрдү. Имарат толук капиталдык ремонттон өттү, заманбап шарттар түзүлдү, эң жаңы жабдуулар жана мыкты станоктор алынып, бүгүн мына өз жемишин берип жатат.
Учурда «Учкун» миллиарддык компанияга айланып, мамлекеттик маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Кызматкерлердин айлыгы жогорулады. Бул да президентибиздин саясий эркинин жана көрөгөчтүгүнүн натыйжасы”, – дед ал.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тартып «Учкун» жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү да чыгара баштайт. Жаңы документтер күчөтүлгөн коргоо деңгээли менен заманбап технологиялар аркылуу даярдалат.
“Бул жаңылыктар өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Биз мамлекеттик номер белгилерин да, айдоочулук жана техникалык документтерди да эми өзүбүздө, жогорку сапатта камсыз кыла алабыз”, – дейт Туманбаев.