Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди

 Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул жобо борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

Белгилей кетсек, Травматология жана ортопедия улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди колдонуу жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен чоңдор жана балдар травматологиясы, ортопедия, вертебрология, сөөк-ириңдүү, артроскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илимий-изилдөө уюму болуп саналат.

Связанный пост