Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөөгө 2 жума калды

 Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөөгө 2 жума калды

Жарандарда транспорт каражатына, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты өз мөөнөтүндө төлөө үчүн 2 жума калды.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыны пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Связанный пост