Торугарт өткөрмө бекетиндеги тартип жана тазалык катуу көзөмөлдөнөт

 Торугарт өткөрмө бекетиндеги тартип жана тазалык катуу көзөмөлдөнөт

Торугарт өткөрмө бекетиндеги тартип жана тазалык катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн учурда белгиледи.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал жыйында өткөрмө бекеттеги тартип, тазалык жана инфраструктура маселелерин чечүүгө тапшырма берди.

Сатаров буга чейин айтылган маселелер чечилбей жатканын белгилеп, мындан ары тапшырмаларга так мөөнөт коюларын жана аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Бажы инфраструктурасынын Чыгыш филиалынын жетекчилигине жолдогу эскертүү белгисин коюу жана камера орнотуу үчүн 1 жума, таштанды маселесин чечүү үчүн 3 күн убакыт берилди.

“Нарын Транс” коомдук бирикмеси унааларды шаар ичинде токтотпоого жана тазалыкты сактоого милдеттендирилди.

Связанный пост