Токтогулда суу коргоо зонасынын 2 га аймагы мыйзамсыз менчиктештирилген

 Токтогулда суу коргоо зонасынын 2 га аймагы мыйзамсыз менчиктештирилген

Суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Токтогул районундагы Күрп-Сай суу сактагычынын жээгинде жайгашкан суу коргоо зонасынан 2 га жер тилкеси балык чарбасын өнүктүрүү үчүн мыйзамсыз жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

 

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.

 

Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилдип кеткен мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Связанный пост