Токтогул суу сактагычындагы суунун агып келиши менен керектөө теңелди
Бүгүн, 3-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 276 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 331 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 331 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.