Токтогул районунун акими алмашты
Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Тюкебаев Акылбек Алиякунович өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Самаев Урматбек Обозбекович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.