УКМК: ЖКККББнын кызмат адамдары жана автомектептин директору кармалды

 УКМК: ЖКККББнын кызмат адамдары жана автомектептин директору кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

Ведомсвтодон билдиришкендей, 19-февралда УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ЖКККББнын жогоруда аталган кызмат адамдары автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө КР жарандарынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү такталды.

Учурда УКМК тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Связанный пост