Кыргызстан менен Азербайжандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

 Кыргызстан менен Азербайжандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Милли Межлисинин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Самед Сейидов менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Связанный пост