Тоңдо жаңы мектептин курулушу башталды

 Тоңдо жаңы мектептин курулушу башталды
Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынып, курулушу башталды.
Саамалыкка Тоң районунун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектептин жамааты жана айыл тургундары катышты.
Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган.
Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 153 окуучу билим алууда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 113 млн сомго бааланган.

Связанный пост