ТИМ чек арадагы жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктарды Индия менен Пакистанга барбай турууга чакырат

 ТИМ чек арадагы жаңжалга байланыштуу кыргызстандыктарды Индия менен Пакистанга барбай турууга чакырат

Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна жана ракета соккуларын кошо камтыган аскердик аракеттер тууралуу кабарларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге баруудан карманууну катуу түрдө сунуштайт.

Министрлик Пакистанда, же Индияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуштайт.

Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген.

Өзгөчө кырдаал же шашылыш жагдайлар пайда болгон учурда, жарандар Кыргыз Республикасынын төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тез арада кайрылууга тийиш:

  • Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: (+91) 9599921779;
  • Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: +92 330 3717 771.

Связанный пост