Тигүү тармагына 1,5 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

 Тигүү тармагына 1,5 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда тигүү тармагына 1,5 млрд сомго жакын насыя берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мамлекеттик каржы, банк сектору жана тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында билдирди.

Бакыт Сыдыковдун айтымында, тигүү тармагындагы ишкерлерди пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу жеңилдетилген кредиттөө программасы ишке ашырылууда.

“30-мартка карата 1,5 млрд сомго жакын кредит берилди. Мыйзам чегинде иштеп жаткан ишкерлер эч кандай тоскоолдуксуз эле жеңилдетилген кредиттерди алышууда. Бул, албетте, кубандырат. Ошону менен бирге, көмүскөдө иштеген тигүү тармагынын өкүлдөрү ар кандай себептерден улам жеңилдетилген кредиттерди ала албай жаткан учурлар да бар. Бүгүнкү жыйыныбыздын негизги максаты дал ушул ишкерлерге көмөк көрсөтүү жана маселелерди чечүүнүн жолдорун табуу”, — деди министр.

Ошондой эле жыйында жеңилдетилген насыя ала албай жаткан жеңил өнөр жай өкүлдөрүнө сөз берилди. Мындан сырткары, алар банк мекемелеринин өкүлдөрүнөн өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Талкуунун жүрүшүндө жеңилдетилген кредиттерди алууга тоскоол болуп жаткан негизги себептер белгиленди:

  • ишкердик көмүскөдө жүргүзүлгөндүктөн, тастыктоочу документтердин жоктугу, финансылык отчеттордун толук эместиги жана акча агымынын көмүскө айлануусу;
  • салыктык базанын жоктугу жана Бирдиктүү салык декларациясынын өз убагында берилбеши;
  • буга чейин алынган насыялар боюнча акыркы үч жылдагы мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн болушу.

Катышуучулар ишкерлер үчүн Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында жана толук тапшыруу өзгөчө маанилүү экенин белгилешти. Жыйынтыгында банк секторуна арыздарды кабыл алуу жана кароо иштерин активдештирүү, ошондой эле ишкерлер менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү сунушталды.

Связанный пост