Ат-Башыда тендер аркылуу эски техника сатып алынганы аныкталды
Ат-Башыда атайын техника сатып алуудагы коррупциялык схема ачыкталды.
УКМКдан билдиришкендей, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагына жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 млн 363 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Тактап айтканда, 2025-жылдын апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыяланганы аныкталган. Натыйжада, “В” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 млн 863 миң сомго келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн атайын жабдуулар “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.
Эксперттик баалоо боюнча, тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлгөн, унаа 2019-жылдан берки тетиктер жана компоненттер менен жабдылган жана салону кайра сырдалган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аныкталган зыяндын орду толтурулуп, тендердин квалификациялык талаптарына жооп берген 5 млн 363 миң сомдук, 2025-жылы чыгарылган жаңы Dongfeng таштанды ташуучу унаасы алынып келди.