Бишкек ЖЭБинде кышка даярдык 80 пайызга аткарылды
“Бишкек ЖЭБ” муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине карата жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштерин улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
“Оңдоо иштери 80 пайызга аткарылды. Негизги көңүл ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга бурулууда”,-деп айтылат маалыматта.