Теннис боюнча Республикалык чемпионаттын жеңүүчөлөрү аныкталды

 Теннис боюнча Республикалык чемпионаттын жеңүүчөлөрү аныкталды
21-октябрь күнү Бишкек шаарында теннис боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты болуп өттү. Чемпионатка 14 жаштан жогору спорчулар катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери атайын медаль, дипломдор менен сыйланышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Жекелик оюндар (кыз-келиндер):
1 орун – Сафина Хабибрахманова,
2 орун – Аида Пасонова,
3 орун – Сезим Сагынбаева.
Жекелик оюндар (эркектер):
1 орун – Кирилл Кистанов,
2 орун – Ильгиз Камчибеков,
3 орун – Максим Серко.
Жуптук оюндар (Кыз-келиндер):
1 орун – Аида Пасонова /Сагынбаева Сезим
2 орун – Сафина Хабибрахманова / Нелли Буюклянова.
Жуптук оюндар (эркектер):
1 орун – Максим Серко / Арсен Табалдиев
2 орун – Кирилл Кистанов / Малик Камалов.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Кыргыз Республикасынын теннис Федерациясы, эл аралык теннис федерациясы жана Дене тарбия жана спорт департаментинине караштуу “Жаштык” спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын тарабынан өткөрүлдү.

Связанный пост