Тажикстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Тажикстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

 

«Сизди жана кыргыз элин ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Биздин элдерди көп сандаган салттар жана жалпы маданий-руханий баалуулуктар, анын ичинде бул бүткүл мусулман уммасы үчүн ыйык майрам бириктирип турат.

 

Анын бекем руханий башталыштары мындан ары да ынак коңшулук, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана урматтоо принциптеринин негизинде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө көмөктөшөрүнө ишенем.

 

Ушул ыйык күндөрү Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, ден соолук, бакыт жана ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине – тынчтык жана туруктуулук, гүлдөп-өнүгүү жана прогресс каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост