Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады

 Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы жакын коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Сизге Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ынак коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктообузду билдирем.

Бул негизги документ мамлекеттүүлүктүн жаңы шарттарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин укуктук негиздерин бекемдеп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түздү.

Келишимдин жоболорун иш жүзүнө ашыруу мындан ары да конструктивдүүлүк, достук мамилелер, ынак коңшулаштык, өз ара урматтоо жана эки жактуу ишеним принциптеринин негизинде бул процессти натыйжалуу илгерилетүүгө кызмат кылат деп ишенем.

Бул өңүттөн тажик тараптын эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык диалогду улантууга жана тараптардын көп кырдуу байланыштарын ырааттуу өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерге кызыкдар экендигин баса белгилейм.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге, чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бекем тынчтык жана туруктуулук, өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост