Таштанды үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт: жаңы айып пулдар сунушталды

 Таштанды үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт: жаңы айып пулдар сунушталды

Кыргызстанда уруксатсыз таштанды жайларын уюштургандарга жана туристтик жаратылыш объекттерине таштанды таштагандарга жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда. Өзгөртүүлөрдү камтыган “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, уруксатсыз таштанды жайын уюштурган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат же 20 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.

Мындай укук бузуу бир жыл ичинде кайталанса, жеке жактар үчүн айып пул 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле 20дан 40 саатка чейин коомдук иштер каралган.

Мындан тышкары, жолдорго айдоочулар, жүргүнчүлөр же башка жол кыймылынын катышуучулары тарабынан таштанды жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу же өрттөө боюнча жоопкерчиликти тактоо сунушталууда.

Туристтик ресурстар болуп саналган жаратылыш объекттеринде белгиленбеген жерлерге таштанды таштоо, үйүп салуу же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Бул жосун бир жыл ичинде кайталанса, айып пул тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомду түзөт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, жаңы ченемдер мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост