Жыл аягына чейин өлкө боюнча МИК аркылуу 20 миңден ашуун үй-бүлө батирлүү болот
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын алкагында жаңы батирлердин ачкычтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.
Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо пландалып жатканын айтты. Ошентип, 20 миңден ашык үй-бүлө өз турак жайына ээ болот.
Президенттин айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.
Садыр Жапаров мамлекет алдына узак мөөнөттүү милдетти – 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну коюп жатканын баса белгиледи.
Президент ошондой эле учурда көлөмү болжол менен 2 млрд долларды түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын мындан ары көбөйтүү зарылдыгына токтолду.
Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания райондук борборлордо, чакан шаарларда жана айылдарда турак жай курулуштарын кеңейтүүнү пландап жатканын баса белгиледи. Жеке турак жай фондун, анын ичинде өткөн кылымдын орто ченинде курулган үйлөрдү жаңыртууга жана модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Салтанаттуу ачылыштан кийин Президент Садыр Жапаров жаңы конуш ээлери менен баарлашып, батирлерди жана турак жай комплексинин жер алдындагы унаа токтотуучу жайын көрүп чыкты.
Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүдө.
Турак жай комплекси 2,01 га аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Анын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган.
Комплекс 11 блоктон турат жана 1 050 батирди камтыйт. Аймагында 551, анын ичинде 178 жер үстүндөгү жана 373 жер алдындагы унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары каралган.