Ташиев: Президент Нарын шаарын өнүктүрүүгө жеке фондунан 807 млн сом бөлүп берди

 Ташиев: Президент Нарын шаарын өнүктүрүүгө жеке фондунан 807 млн сом бөлүп берди

Быйыл Нарын облусуна 9,4 млрд сом бөлүнгөн болсо, өлкө башчыбыз өзүнүн жеке фондунан Нарын шаарын өнүктүрүүгө 807 млн сом бөлүп берди. Бул тууралуу УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Нарын шаарына мындай каражат эч качан бөлүнгөн эмес.

“Мындай суммадагы каражаттын бөлүнүшү тарыхта биринчи ирет болуп жатат. Бөлүнгөн каражатты куруу иштерине жумшагыла”,-деди ал.

Связанный пост