Ташиев: Чек ара маселеси Садыр Нургожоевичтин саясий эрки менен чечилди

 Ташиев: Чек ара маселеси Садыр Нургожоевичтин саясий эрки менен чечилди

Чек ара маселеси Садыр Нургожоевичтин саясий эрки менен чечилди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, президент чек ара тилкелерин ар бир метрине чейин билет.

“Ачыгын айтыш керек, эң биринчиден мунун башында биздин урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич турду. Себеби, Садыр Нургожоевич ушул чек ара тилкелерин ар бир метрине чейин билет. Жеке ал киши экөөбүз ар бир метр жерди талкуулап бирге чечип жаттык. Кээде комиссия карап жатканда ушундай маселелер болуп калып жатты. Мен комиссиянын ишин токтотуп коюп, атайын келип, Садыр Нургожоевич менен сүйлөшүп, аны менен такташып, ал уруксат бергенде гана ушул чечимдерди кабыл алып жаттык. Ошондуктан, бул жерде биздин урматтуу президентибиздин саясий эрки менен болбогондо бул нерсе чечилмек эмес”,-деди ал.

Связанный пост