УКМК былтыр 102 млрд сомду мамлекеттик бюджетке кайтарган

 УКМК былтыр 102 млрд сомду мамлекеттик бюджетке кайтарган

Былтыр козголгон кылмыш иштеринин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 102 млрд сомду мамлекеттик бюджетке кайтарган. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иштеринин негизинде акчалай каражаттар, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылган.

“Кайтарылган бардык мүлк акчалай каражаттар жана кылмылсыз мүлктөр соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлөт. УКМК мүлктү бир тараптуу өзү экспертиза жүргүзүп же баалоодон өткөрө албайт. Мүлк мамлекет тарабынан же жеке экспертизалык ишканалар тарабынан баалангандан кийин мамлекетке алынат”, — деди Алишер Эрбаев.

Ал акчалай каражат боюнча былтыркы жылдын жыйынтыгында УКМК тарабынан 102 млрд сом мамлекеттик бюджетке кайтарылганын белгиледи.

Связанный пост