Кыргызстан Пекинде туруктуу транспортту өнүктүрүүнүн 4 негизги багытын сунуштады
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында “Туруктуу транспорт: адамдар үчүн ыңгайлуу мобилдүүлүк жана үзгүлтүксүз жүк ташуу” темасындагы Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумуна (2026) катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, транспорт — экономиканын өзөгү жана ар бир өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойноорун билдирди.
“Кыргызстандын аймагынын 90%дан ашыгын тоолор ээлейт. Ошондуктан туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ жана экономикалык өнүгүүбүз менен калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча негизги артыкчылыктардын катарында туруктуу орунду ээлейт. Ошол себептүү — чек ара аралык транспорттук байланышты мындан ары өнүктүрүү жана туруктуу Евразиялык логистикалык коридорлорду калыптандыруу; тоолуу аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен калк үчүн жеткиликтүү транспортту өнүктүрүү; экологиялык таза жана туруктуу транспортко жетишүүнүн жолдорун издөө; транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн санариптик трансформациялоону андан ары өнүктүрүү сыяктуу төрт негизги багытта кызматташуунун илгерилетүүнү сунуштайм”, — деди МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков.
Ал ошодой эле өз сөзүндө “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду өзгөчө белгилеп, бул үч өлкөнү бириктирип гана тим болбостон, Борбор Азиянын жана узак мөөнөттүү келечекте бүтүндөй Евразия континентинин транспорттук дараметин кеңейтүүгө да олуттуу салым кошоорун билдирди.
Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумуна Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закир, Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Нурлыбек Налибаев баштаган бир катар мамлекеттердин делегация башчылары катышты.
Анда өздөрүнүн баяндамаларында дүйнөдөгү азыркы реалдуулук жаңы эл аралык транспорттук-логистикалык каттамдарды ишке киргизүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын талап кылаарын билдиришти. Мындан тышкары форумга кызыкдар мамлекеттердин бул тармакты тескеген кызмат адамдары, транспорт министрлери, эл аралык уюмдардын жетекчилери, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлдөр, ишкерлер жана окумуштуулар катышууга чакырылган.
Ошондой эле, форумдун алкагында Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Анда биргелешкен аракеттердин натыйжасында Транскаспий транспорттук коридорун эл аралык соода үчүн эң натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү каттамдардын бирине айландыруунун мүмкүнчүлүгү белгиленди.
Мындан тышкары форумдун темасын улай, МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закирдин эки тараптуу жолугушуусу болуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери сүйлөшүлдү.
Белгилей кетсек, Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форуму 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет. Туруктуу транспорт жаатындагы глобалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпы ыкмаларды шайкеш келтирүү жана биргелешкен аракеттерди бириктирүү үчүн аянтчага айланган.