Тармактык комитет Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

 Тармактык комитет Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Тармактык комитет Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаттары Эльдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты жана демилгечилердин бири Эльдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл)-ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты.

Эльдар Сулайманов  мыйзамынын долбоорун демилгелөөнүн себеби, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында  суу мотоцикли (гидроцикл) катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.

Талкууда депутат Жаныбек Кыдыкбаев бул тармакта иштеген жергиликтүү тургундардын жумушсуз каларын эске алып, мыйзам долбоорундагы тыюу салууларга каршылыгын билдирди. Ал бул багытта суу мотоциклдерин колдонуу эрежелерин жеткиликтүү иштеп чыгуу сунушун берди. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев туристтердин эс алуусун эске алып, суу мотоциклдерин коомдук пляждардан жана пансионаттардан башка аймактарда колдонууга уруксат берүү сунушун айтты. Депутат Акбөкөн Таштанбеков мыйзам долбоору аркылуу айрым тиешелүү кызматтарга скутер колдонууга уруксат берүү, айып пул салуу механизмдерин иштеп чыгуу жагдайларын белгиледи. Эл өкүлү Султанбай Айжигитов бул багытта көйгөй бардыгын эске алып, мыйзам долбооруна карата тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин пикирлерин сурады.

Связанный пост