Тармактык комитет суммасы 50млн АКШ долларын түзгөн абаны жакшыртуу боюнча долбоорду карашты

 Тармактык комитет суммасы 50млн АКШ долларын түзгөн абаны жакшыртуу боюнча долбоорду карашты
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин Чүй облусунун Токмок шаарында болгон көчмө жыйынында «2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова белгилегендей, макулдашуунун максаты абанын сапатын жакшыртуу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, ошондой эле турак үйлөрдү таза экологиялык каражаттар менен жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча чараларды илгерилетүү болуп саналат.
Министрдин орун басарынын айтымында, абаны жакшыртуу долбоорунун жалпы суммасы 50 млн АКШ долларын түзөт.
Макулдашууну ишке ашыруу инфратүзүмдү модернизациялоо жана абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, талдоо, маалыматтарды болжолдоо жана башкаруу менен байланышкан негизги тараптардын потенциалын арттыруу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу абанын сапатын башкаруунун комплекстүү системасын түзүүгө багытталган.

Связанный пост