Айыл чарба министрлиги эт саткан дагы 30 пункт ачат

 Айыл чарба министрлиги эт саткан дагы 30 пункт ачат

Эттин баасын кармап туруу үчүн өлкөдө жыл аягына чейин дагы 30 сатуу пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликке караштуу 10 сатуу пункту иштеп жатат. Алардын иши эттин баасын кармоого оң таасир этип, керектөөчүлөр жакшы баасын берүүдө.

Илич Марсбек уулу белгилегендей, учурда кошумча 30 сатуу пунктун ачуу боюнча тендер жарыяланды.

“Ал эми 2027-жылы мындай пункттардын санын 100гө жеткирүү пландалууда. Ошондой эле министрлик эски мал сарайларын оңдоп-түзөп, аларга 2 миңге жакын буканы киргиздик. Муну менен министрлик ири чарбаларды уюштурууну көздөп жатат”, – деди ал.

Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, учурда жайлоодон келген бодо малдын этинен 1 килограммынын өздүк наркы 230 сомду түзөт. Анын негизинде эттин баасы 770 сом өлчөмүндө белгиленген.

Связанный пост