Тармактык комитет Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын карады

 Тармактык комитет Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын карады

Тармактык комитет Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын карады. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президенттин статусун калыбына келтирүү боюнча А.Акаевдин арызы каралды.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова тиешелүү арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул маселени ар тараптуу изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү керектигин белгиледи. Депутат Жанар Акаев Аскар Акаев президент болуп турган мезгилде өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруу орноп, Аксы окуялары болгонун эске салды.

Жыйынтыгында комитет А.Акаевдин арызын эске алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Ошондой эле комитет Жогорку Кеңешке убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө А.Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.

Связанный пост