Таластын көк бөрү боюнча командасы өлкө чемпиону болду
![Таластын көк бөрү боюнча командасы өлкө чемпиону болду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/10/9f3fbb0f-cea8-4c39-86a9-c1a4d4503f7c-850x560.jpeg)
Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында 25-30-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өттү. Жаштар арасындагы оюндун финалында Чүй жана Нарындын командасын 7-0 эсебинде утса, чоңдор арасында Талас жана Чүйдүн курамасын 7-5 эсебинде жеңди.
Чемпионаттын жыйынтыгы:
Чоңдор арасында:
1-орун – Талас;
2-орун – Чүй;
3-орун – Ош.
Мыкты оюнчу – Кушчубай Илис уулу (Талас);
Мыкты аргымак – Көк-Мончок (Чүй);
Жаштар арасында:
1-орун – Чүй;
2-орун – Нарын;
3-орун – Талас.
Мыкты оюнчу – Калкаман Акбаржан уулу (Чүй);
Мыкты аргымак – Арча-Тору (Нарын).